Кыргызстандын тышкы иштер министри Тажикстанга барат

Расмий сапар 4-5-февралга пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Тажикстан Республикасына барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, Кулубаевди Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин өлкөгө келип кетүүгө чакырган.
Министр расмий сапар менен 4-5-февралда Тажикстанда болот. Анын жүрүшүндө бир катар жолугушуулар уюштурулуп, кыргыз-тажик мамилелеринин эки тараптуу актуалдуу маселелери талкууланат.
Кыргызстан менен Тажикстан дагы 38,3 чакырым жерди макулдашты