Бишкек ТЭЦиндеги авария

Бишкек ТЭЦтеги абал. Саат 9:00гө карата маалымат

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. – Sputnik. Бишкек ТЭЦинин иши боюнча саат 9:00гө карата ыкчам маалыматты атайын түзүлгөн медиаштаб жарыялады.
Учурда жалпы активдүү кубаттуулугу 245 МВт. Алты от казан агрегаты жана үч турбоагрегат иштеп жатат.
Жылуулук тармактарына кеткен суунун чыгымы 20 500 т/саат, температурасы 35 градустан 68 градуска чейин.
Электр энергиясын иштеп чыгаруу 5.505.280 кВт-саат.
Дагы бир казан агрегаты жана бир турбоагрегат отко даярдалып жатат. ТЭЦти калыбына келтирүү иштери уланууда.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бишкек ТЭЦтеги авариянын себептерин аныктоого россиялык адистер жардамдашат