БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден өзүнүн чечими менен Россияга суюлтулган жаратылыш газын чет өлкөгө экспорттоого жардам берди. Бул тууралуу Техас штатынан республикачыл сенатор Тед Круз Fox News телеканалына билдиргенин РИА Новости жазды.
"Өткөн жумада Жо Байден эмне кылды? Ал мен "Жо Байдендин Владимир Путинге субсидиясы" деп атаган нерсени жарыялады. Тагыраагы, келечекте суюлтулган жаратылыш газынын экспортуна бөгөт койду, демек, Европа аны штаттардан эмес, Россиядан сатып алышы керек болот", — деген ал.
Сенатордун айтымында, АКШ президентинин чечими америкалыктарды жумушунан ажыратып, "Путинге жардам берет".
"Бул Байдендин алсыздыгынын мисалы", — деген Круз.
Буга чейин Байден АКШ климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чет өлкөгө суюлтулган жаратылыш газын экспорттоо үчүн жаңы келишимдерди бекитүүнү токтото турганын айткан. Тиешелүү кадам республикалык лагердин сынына кабылган. АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон Байдендин чечими "Россияны күчтөндүрүп", Европаны анын экспортуна көз каранды болууга мажбурлап жатканын айткан.