Радио

"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору кийинки жылы токтойт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы Улан Намазбеков дыйкан, фермерлер жеңилдетилген насыяны эки жылга чейинки мөөнөткө алышарын айтты.
Sputnik
"Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоору аркылуу дыйкан, фермерлер эми 12 пайыз менен насыя алышат. Буга чейин жеңилдетилген насыя алты пайыздан мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү багыттарына берилип келгенин Улан Намазбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору боюнча кредит берүү кийинки жылы токтотулат.

"Быйыл "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында дыйкандарга 7 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя берилет. Долбоор мамлекеттик "РСК банк" жана "Айыл банкы" аркылуу гана ишке ашат. Айыл чарбасын колдоого багытталган каражат былтыркыга караганда 4 миллиард сомго көп. Аталган долбоор боюнча кредит берүү кийинки жылы токтотулат. Анткени министрликтин саясаты боюнча, кластердик багытка көңүл буруп, "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбооруна басым жасалат. Мындан тышкары, эми дыйкан, фермерлер 12 пайыз менен насыя алышат. Буга чейин жеңилдетилген насыя алты пайыздан мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү багыттары боюнча берилген", — деди Намазбеков.

Ошондой эле адис насыялар 150 миң сомго чейин күрөөсүз, 500 миң сомго чейин күрөөнүн негизинде берилерин кошумчалады.