Жер титирөө алдында эмнеге телефондордун кээсине эскертүү келбейт. Түшүндүрмө

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жакында болгон жер титирөөдө iPhone телефондоруна эскертүү эмне себептен келбегендигин өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев түшүндүрүп берди.
Бул туурасында ал Казакстанда өткөн Digital Almaty 2024: Industry X форумунда айткан.
Касымалиев Android смартфондорундагы жер титирөө тууралуу эскертүү окуянын өзүнө бир мүнөт калганда келгенин жана бул күтүлбөгөн табигый кырсыктардан камсыздандыруунун бир түрү болуп калганын белгилеген.
Бирок коомчулукта смартфондордун бир катарларына мындай билдирүү келбегени айтылган. Ага аткаминер түшүндүрмө берген.
"Көрсө, Apple биздин өлкөнү маалымдар кылуу кызматы үчүн жеткиликтүү мамлекеттердин тизмесине киргизген эмес. Бизге технологиялык компаниялар, өзгөчө Apple, Google жана Microsoft менен диалог керек", — деген Касымалиев.
ӨКМ жер титирөөдө көтөрө чыкчу коопсуздук куржунун даярдап коюуга чакырды