БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги авариядан улам азык-түлүктүн жана башка маанилүү товарлардын баасы өспөйт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Монополияны жөнгө салуу агенттиги бааны жасалма түрдө көтөрүүгө жол берилбеши керектиги боюнча бардык соода объектилеринде, ири базарларда ("Дордой", "Аламүдүн", "Орто-Сай") түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындан тышкары, соода борборлору менен базарлардын администрацияларына баага көз салуу тапшырмасы берилген.
"Жылыткычтарды саткан дүкөндөргө дагы эскертүү берилди", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик ири базаларда көмүр жетиштүү деп ишендирди.