Бишкек ТЭЦиндеги авария

Россия Бишкек ТЭЦиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Россия Бишкек ТЭЦиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин (ЕӨАК) алкагындагы Digital Almaty 2024: Industry X эл аралык санарип форумунда сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кырдаал жакын арада жөнгө салынат деген ойдобуз. Россия башка кесиптештер сыяктуу эле авариянын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр", — деген ал.
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да аталган иш-чарага катышуу үчүн Алматы шаарында болчу. Бирок ТЭЦтеги аварияга байланыштуу ал шашылыш Бишкекке келди. Анын ордуна иш-чарага биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышууда.
Белгилей кетсек, ТЭЦте жарылуу 2-февралга караган түнү болуп, шаардын айрым жерлерине жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги авариядан жабыркаган 5 кишинин абалы айтылды. Соңку маалымат