Бишкек ТЭЦиндеги авария

ТЭЦтеги авариядан жабыркаган 5 кишинин абалы айтылды. Соңку маалымат

Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. ТЭЦтеги авариядан жабыркаган беш кишинин абалы тууралуу соңку маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, эки киши өтө оор абалда, бирөөнүкү оор деп бааланып жатат. Жабырлануучулар ооруканада.
"Эки машинисттин мойну, бети, буту-колу күйүп, денесинин 80-90 пайызы жабыркаган. Үчүнчү кызматкердин бети, колдору күйгөн. Калган эки адам амбулатордук жардам алып, ооруканага жатуудан баш тарткан. Алардын абалы дурус. Бирөөсү тизесинен жаракат алса, экинчиси көмүр кычкыл газына ууланган", — деди Исмаилов.
Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү ТЭЦте авария катталып, өрт чыккан. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦте жылуулук берүү системасынын температурасын жогорулатчу басым көтөрүлүүдө