Бишкек ТЭЦиндеги авария

Садыр Жапаров: ТЭЦ толугу менен оңдолот, каражат табышыбыз керек

Президент 1961-жылы ишке берилген ЖЭБдеги тетиктердин эскилиги жетип бүткөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин толугу менен модернизациялоого тапшырма берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, оңдоо иштерине көп акча талап кылынат.
"Оңдоого ири сумма керек. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми", — деди Жапаров.
Ал белгилегендей, 1961-жылы ишке берилген ТЭЦтеги тетиктердин эскилиги жетип бүткөн.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкектеги ТЭЦте авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө.
Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Жапаров ТЭЦтен чыгып, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алды