Бишкек ТЭЦиндеги авария

Садыр Жапаров: ТЭЦтеги абал оор эле, бирок абалдан чыгабыз

Президент Жылуулук электр борбору 1961-жылы ишке берилгенин, эскилиги жеткенин айтып, ТЭЦти толугу менен модернизациялоого тапшырма бергенин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. ТЭЦтеги абал оор эле. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Журналист өлкө башчыдан Жылуулук электр борборундагы жарылуудан кийинки кырдаалды сураган.

"Абал оор эле. Жарылуу түнкү саат 03:00дөр чамасында болду. Мен уктай элек болчумун. Өзгөчө кырдаалдар министри, саламаттык сактоо министрин ойготуп, ал жакка жөнөттүм. Ташкентте жүргөн энергетика министрине Бишкекке келүүнү буюрдум. Кыскасы, таң атканча кырдаалды жөнгө салганга аракет кылдык. Эртең менен дагы барып кеттим. Азыр эми оор абалдан чыгуу жагына бет алдык. Кудай буюрса, жакынкы убактарда кырдаалдан чыгып кетебиз", — деген Жапаров.

Президент ТЭЦ 1961-жылы ишке берилгенин, эскилиги жеткенин айтып, аны толугу менен модернизациялоого тапшырма бергенин кошумчалаган.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкекте ТЭЦте авария катталып, жарылуу болду. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Жарылуудан беш адам жабыркап, азыр анын экөө оор абалда ооруканада.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Жапаров ТЭЦтен чыгып, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алды