Бишкек ТЭЦиндеги авария

Садыр Жапаров ТЭЦтеги жарылуунун болжолдуу себебин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек ТЭЦтеги жарылууга көмүрдүн тиешеси болушу мүмкүн экенин "Кабардагы" маегинде айтты.
"Биз былтыр Шабыркөл көмүрүн алганбыз. Таза көмүр, калориялуулугу 5500 Ккал/кг. Эми мен адис эмесмин. Бирок ошентсе да күчтүү көмүр экенин эске албай Кара-Кеченин көмүрүн жаккандай эле жага берип, температура көтөрүлүп кетип жарылуу болдубу деген ойдо турам", — деди президент.
Өлкө башчы абал оор экенин, эми ТЭЦ толугу менен оңдоло турганын дагы билдирди.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталып, жарылуу болду. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Жарылуудан беш адам жабыркап, азыр анын экөө оор абалда ооруканада.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги авария. Министрлик товарлар кымбаттабай турганын айтты