Мишустин жасалма интеллектини өзгөчө маанилүү тармактарга кийирүү жөнүндө айтты

Төрага жасалма кийирүү учурунда улуттук кызыкчылыктарга жооп берген моделдерди колдонуу керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жасалма инттелектини экономика менен Россиянын мамлекеттик башкаруусуна кийирүүдөгү экономикалык эффект триллионго жакын рублди түздү. 2030-жылга карата 10 триллиондон ашат. Бул тууралуу РФ премьер-министри Михаил Мишустин Казакстанда өтүп жаткан Digital Almaty 2024 форумунда билдирди.

"Бардык сфераларды санариптештирүү уланып жатат. Мунун баары, албетте, жасалма интеллектинин негизинде жасалууда. Соңку эки жылда аны экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында колдонуу бир жарым эсеге өстү. Экономикалык эффект триллион рублден бир аз ашты. Бул ички дүң продукцияга дээрлик алты пайыз кошот", — деди Мишустин.

Ал ошондой эле жасалма интеллектини маанилүү багыттарга кийирүү учурунда улуттук кызыкчылыктарга жооп берген моделдерди колдонуу керектигин белгиледи.
"Россиялык GigaChat менен Батыштын ChatGPT жасалма интеллектисинин "мээсиндеги" дүйнө картина ар түрдүү. Мисалы, эмне "жакшы", эмне "жаман" экенин башкача көрсөтөт. Жасалма интеллектини өтө маанилүү багыттарга, тагыраагы, илимге, медицинага, өнөр жайга колдонууда жалпы адамзаттын, дүйнөнүн жана албетте улуттун кызыкчылыктарына жооп берген моделдерди колдонуу керек. Биз муну эске алып жатабыз", — деди Мишустин.
Ал Россия өзүнүн өнөктөштөрүнө технологиялык жана платформалык чечимдерди берүүгө даяр экенин кошумчалады. Ошол эле учурда ар бир мамлекет маалыматтардын суверендүүлүгүн сактоого милдеттүү болот.
Кыргызстанда жасалма интеллектиге мыйзамдар үйрөтүлмөкчү