Бишкек ТЭЦиндеги авария

Мэрия калаа тургундарын ысык сууну үнөмдүү колдонууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев калаа тургундарын ысык сууну үнөмдүү колдонууга чакырды.

"Азыр ысык суу берилип жаткан зоналар бар. Эгер шаардыктар аны үнөмдүү колдонсо, бул түйүндөрдү эртерээк калыбына келтирүүгө чоң жардам болот эле. Башкача айтканда, системадан ысык суу азыраак алынса батыраак калыбына келтирилет",— деген министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, ТЭЦте жарылуу 2-февралга караган түнү болуп, шаардын айрым жерлерине жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ТЭЦтеги абал жана авариянын кесепети боюнча маалымат жыйын өткөрүштү.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги авариядан улам Бишкектин мектептери онлайн окуп, бакчалар иштебейт