Контролердун айлыгы көбөйтүлдү. Мэрия каалоочуларды жумушка чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мэриянын "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт" ишканасы автобустардагы төлөмдү көзөмөлдөө үчүн контролерлорго күнүнө 1 500 сом төлөп берилерин айтып, каалоочуларды жумушка чакырды.
Мындан тышкары, ар бир "Тулпар" картасын сатканы үчүн кондукторлор 10 сомдон алары айтылды. Мэрия мындай жарыяны буга чейин да берген. Анда күнүнө 1 200 сом төлөнөрү айтылган, эми ага 300 сом кошулуп, контролерлорго күн сайын 1 500 сом берилери кошумчаланды.
Жумушка байланыштуу суроолор боюнча 0312 531789, 0702 087760 телефондоруна чалса болот.
Бишкекте дагы эки маршрутканын ордуна автобустар жүрмөй болду