Кыргызстанда жасалма интеллектиге мыйзамдар үйрөтүлмөкчү

Санариптик диктор мамлекеттик радиоканалдардан жаңылыктарды окуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жасалма интеллектиге мыйзамдарды үйрөтүү каралып жатканын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казакстанда өткөн Digital Almaty 2024: Industry X форумунда айткан.
"Кийинки маанилүү кадам катары биздин мыйзамдарды жасалма интеллектиге үйрөтүү болот. Бул жарандарга гана эмес, мамлекеттик кызматкерлерге, укук коргоо органдарына да юридикалык кеп-кеңештерди алууга мүмкүндүк берет", — деген Касымалиев.
Ал өлкөдө жасалма интеллектини ар кыл тармактарга киргизүү иштери жүрүп жатканына токтолгон.
"Эгерде өткөн жылы форумда Элис жана Сири сыяктуу популярдуу үн жардамчылары кыргыз тилин колдобойт деп кабатырлансак, бүгүн мен сыймыктануу менен биздин адистер кыргыз тилинде сүйлөп, түшүнгөнгө жасалма интеллектини үйрөткөнүн айта кетейин. Жыйынтыгы мени таң калтырды. Көптөр үчүн бул түшүнүксүз болушу мүмкүн, бирок эң сонун дикцияны белгилесе болот. Бул санариптик диктор биздин мамлекеттик радиоканалдардан жаңылыктарды окуп жатат. Таң калыштуусу, алмашууну эч ким деле байкаган жок", — деген Касымалиев.
Ташиев ӨКМге: жер титирөөнү алдын ала эскертчү жасалма интеллектини колдонгула