Милиция: Эне-Сай конушунда ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды

Учурда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде жаңы төрөлгөн баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Милицияга бул тууралуу маалымат 1-февраль күнү саат 17:37 чамасында түшкөн. Факт каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
"Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 20 жаштагы К.А. аттуу жаран аныкталды. Алдын ала маалымат боюнча, кыз Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде жети айлык баланы өлүү төрөгөн. Эмне кыларын билбей, курбуларынын кеңеши менен баланын сөөгүн кутучага салып, Аламүдүн районунун Алматы көчөсүндөгү Эне-Сай жаңы конушунун аймагындагы талаага таштаган", — деп айтылат маалыматта.
Учруда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.
Пресс-борбор
Көчөгө ташталган ымыркайлар. ИИМ энелеринин тагдыры кандай болорун айтты