Бишкек ТЭЦиндеги авария

Бишкек ТЭЦтеги авариянын себептерин аныктоого россиялык адистер жардамдашат

Президенттин тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу себептерин изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт. Аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектей тургандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Россиядан Бишкек ТЭЦиндеги авариянын себептерин аныктоого көмөктөшө турган адистер келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда өткөргөн ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
1 / 5

Россиядан Бишкек ТЭЦтеги авариянын себептерин аныктоого көмөктөшө турган адистер келишет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда өткөргөн ыкчам штабдын жыйынына айтылды

2 / 5

Өкмөттүн билдирүүсүнө ылайык, жыйында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтары айтылды

3 / 5

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 100дөн ашык куруучу бузулган жерлерди калыбына келтирүүгө киришкенин билдирген

4 / 5

Акылбек Жапаров президенттин тапшырмасы менен авариянын себептерин изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөрүн, аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектей турганын билдирген

5 / 5

Ошондой эле ал медициналык мекемелерди, реабилитациялык борборлорду жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен жеткиликтүү деңгээлде камсыз кылуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана мэрияга берди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине калыбына келтирүү иштерине тартылган курулушчулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырган.

Өкмөттүн билдирүүсүнө ылайык, жыйында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтары айтылды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 100дөн ашык куруучу бузулган жерлерди калыбына келтирүүгө киришкенин билдирген.

"Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдын алдын ала себептери жарыяланды, атап айтканда, окуяга бир нече фактор кошулганы белгиленди", — деп жазылып, бирок анда кандай себептер экендиги так айтылган эмес.

Акылбек Жапаров президенттин тапшырмасы менен авариянын себептерин изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөрүн, аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектей турганын билдирген. Ошондой эле ал медициналык мекемелерди, реабилитациялык борборлорду жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен жеткиликтүү деңгээлде камсыз кылуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана мэрияга берди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине калыбына келтирүү иштерине тартылган курулушчулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырган.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Жарылуудан беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Медиктер экөөнүн абалы оор экенин билдирди. ТЭЦке президент баштаган бийлик өкүлдөрү барды.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги жарылуудан жабыркагандар Түркияга жөнөтүлүшү мүмкүн