Бишкек ТЭЦиндеги авария

Башкы прокуратура ТЭЦтеги жарылуу фактысы боюнча иш козгоду

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦтеги жарылуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
"Кырсыктын кесепетинен беш кызматкер жабыркады. Бишкектеги үйлөр менен ишканаларга жылуулук берүү токтоп, ири өлчөмдө зыян келтирилди", — деп Башкы прокуратуранын маалыматында айтылат.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245 ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу"), 317 ("Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу"), 337инчи ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") беренелери менен кылмыш иши козголду. Тергөөнү УКМК жүргүзөт.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Жарылуудан беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Медиктер экөөнүн абалы оор экенин билдирди. ТЭЦке президент баштаган бийлик өкүлдөрү барды.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө.
Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ӨКМ башчысы ТЭЦтеги жарылуу эмнеден чыкканын божомолдоду. Видео