Бишкек ТЭЦиндеги авария

ТЭЦтеги авария. Алматыга кеткен Акылбек Жапаров шашылыш Бишкекке учту

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ТЭЦтеги авариядан улам Алматыдан шашылыш Бишкекке учту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, өкмөт башчы штабдын чукул жыйынын өткөрөт.
2-февралга караган түнү Бишкектеги ТЭЦте авария катталып, саат 03:00дө жарылуу болгон. Учурда айрым үйлөргө жылуулук менен ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Кырсыктын кесепети такталууда.
Sputnik Кыргызстан ТЭЦтеги авария боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Радио
Алманбет уулу: Бишкек ЖЭБинин кампасында 310 миң тонна көмүр бар