БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы автобекет кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Белгилей кетсек, аталган жай Чыгыш автобекетин шаардын сыртына чыгаруу максатында уюштурулган.
"Жаңы автобекетте 60 орундуу чоң күтүү залы, 36 орундуу чакан күтүү залы, үч касса залы, эне жана бала бөлмөсү, буюм сактоочу жай, диспетчердик пункт, наркологиялык бөлмө, автотранспорттук техникалык текшерүүчү жай, айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөсү жана ашкана бар", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө автобекет менен 25 ташуучу компания (200дөн ашык унаа) кызматташат. Тизме:
"Вестерн транс сервис" ЖЧКсы, Жети-Өгүз айылы — Бишкек шаары;
"Токо+" ЖЧКсы, Жети-Өгүз айылы — Бишкек шаары;
"Чоң Ак-Суу" ЖЧКсы, Григорьевка айылы — Бишкек шаары;
"Таңкы жол" ЖЧКсы, Ак Суу — Бишкек;
ЖЧК "Жоломан", Каракол — Бишкек;
"Тоң Бишкек" ЖЧКсы, Бөкөнбаев айылы — Бишкек шаары;
"Таңкы жол" ЖЧКсы, Ананьево — Бишкек шаары;
"Тамчы аэропорту" ЖЧКсы, Тамчы айылы – Бишкек шаары;
"Чок-Тал" ЖЧКсы, Чок-Тал айылы — Бишкек шаары;
"Барскон тур транс" ЖЧКсы, Барскоон — Бишкек;
"Сапар такси" ЖЧКсы, Нарын – Бишкек;
"Босого-Транс" ЖЧКсы, Ат-Башы — Бишкек ш.
Маршруттук таксилер (кичи автобустар):
"Тулпар" АКсы, Темир айылы, Кант — Бишкек шаары;
"Нурдан плюс", жеке ишкер, Каракол — Бишкек;
"Нурдан плюс", жеке ишкер, Түп айылы — Бишкек шаары;
"Автомобилист" ААКсы, Каракол – Бишкек;
"Селенга" ЖЧКсы, Түп айылы — Бишкек шаары;
"Куттуу жол" ЖЧКсы, Түп айылы — Бишкек шаары;
"Тулпар" ААКсы, Темир айылы — Бишкек шаары;
"Эсен транс" ЖЧКсы, Жети-Өгүз — Бишкек шаары.
Аймактардан келген жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн шаардык каттамдар уюштурулган. Анда №34 автобус жана №285, 221, 211, 123, 104 кичи автобустар иштейт. Мындан тышкары, экспресс-каттамдарды жана №192 автобустук каттамын ачуу пландалууда.
Шаардын сыртына жаңы автобекеттерди уюштуруунун максаты — калаанын инфраструктурасын жакшыртуу, тыгын маселесин чечүү, экологияны жакшыртуу болуп саналат.