Украинанын өтүнүчү Германия министринин кыжырын келтирди

Писториустун кыжыры кайнап, бул типтеги куралды берүү боюнча талкуунун аягы үзүлбөй койгонун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Германиянын коргоо министри Борис Писториус Taurus ракеталарынын Украинага берилиши боюнча суроого кыжырланып жооп берип жатып, анын өлкөсү болгон-бүткөн куралын Киевге берүүгө милдеттүү эместигин айткан. Бул туурасында РИА Новости N-TV телеканалына таянып жазды.
"Министр Украинага жардам жөнөтүү боюнча өлкөсүндө жүрүп жаткан дебаттардан "чарчаганын" айткан", — деп жазылат маалыматта.
Писториустун кыжыры кайнап, бул типтеги куралды берүү боюнча талкуунун аягы үзүлбөй койгонун айткан. Андан сырткары, Германия өзүндө болгон курал-жарактын баарын жөнөтө берүүгө милдеттүү эместигин жана чечим кабыл алууда "көз карандысыздык менен жоопкерчиликтин бир чымчымын" өзүндө калтырышы шарт экенин белгилеген.
"Нааразылык менен коштолгон мындай мамиледен (Taurus ракетасын берүү — ред.) кийин Киевдин күтүүсү дагы төмөндөйт", — деген билдирген N-TV.
Ракетаны берүүдө башкы талаштуу маселе анын алыска (500 чакырымга) учканы болууда. Германия алиге чейин мындай мүнөздөмөсү бар куралды Киевге принципиалдуу түрдө бербей келген. Германиянын эксперттик коомчулугунда ракеталарды Россиянын аймагына чабуул кое албагандай кылып программалоого болобу деген маселе да талкууланып жүрөт.
РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Киевге багытталган курал салынган кандай гана жүк болбосун Россиянын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан. Ал НАТОнун өлкөлөрү Украинага аскердик жардам берип "от менен ойноп жатышканын" эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: курал-жарак берүү кыскарып, Киев кыйнала баштады