Ошто газ тартыштыгы жаралып, жер үйлөргө чектөө киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Ошто газдын тартыштыгы жаралып, жер үйлөргө чектөө киргизилди. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары калаада газдын басымы азайып, тургундар арызданып жатканын айтышты.
Төрөбаевдин айтымында, Өзбекстанда газ дефицити жаралгандыктан Кыргызстанга тийиштүү көлөмдө бере албай жатат.
"Бүгүнкү күндө жер үйлөрдө газдарга чектөө коюп жатабыз, анткени көп кабаттуу үйлөрдү, газ менен жылытуучу имараттарды камсыз кылышыбыз керек. Мындан улам энергетиктерге электр энергиясы боюнча чектөө киргизбегиле деп тапшырма бердик. Бир аз чыдап коюш керек болуп жатат, жер үйлөрдө анча-мынча отун-көмүрү бар", — деди Төрөбаев.
Пресс-борбор
Бишкек үч жылда газдаштырылып бүтөт