Бишкекте Саякбай баштаган залкар манасчыларды эскерген иш-чара өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкекте "Манасчылык – өнөрлөрдүн төрөсү" аттуу иш- чара өтөрүн "Манас" улуттук академиясынан кабарлашты.
Билдирмеге карата, бул иш-чара залкар манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Кааба Атабековдун 100, Уркаш Мамбеталиевдин 90, Сапарбек Касмамбетовдун 90 жылдыгына арналмакчы.
Иш-чара 2-февраль саат 12:00гө белгиленген. Ага Кубан Алмабеков, Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Камил Мамадалиев, Замир Баялиев, Улан Исмаилов сыяктуу манасчылар катышары белгиленди.
Радио
Бакчиев: КМШ ичиндеги сынакта "Манас" академиясынын китеби жеңүүчү болду