Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Харьковдо 140 млн. евролук комплексти жок кылышты. Видео

Таш-талканы чыккан комплекстин наркы 140 миллион евро экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Баасы асманды чапчыган немецтик IRIS-T SLM зениттик-ракеталык комплексин россиялык ракетачылар таамай атып талкалады.
Маалыматта комплекстин наркы 140 миллион евро экени айтылган. Анын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Ал Харьков облусундагы Русская Лозовая облусунда болгон. Комплекстин талкаланышы тууралуу мурдараак РФтин Коргоо министрлиги да кабарлаган эле.
Видеодо көрүнүп турган янтча Советтик армиянын учурунда колдонулган. Атайын операция башталганга чейин ал жерде абадагы кол салуудан коргонуу үчүн турган С-300ПС системасы жок кылынган.
Буга чейинки материалдарда аталган куралдан төрттү Киевге Германиянын бергени айтылган.
IRIS-T — кыска жана орто аралыкка ылайыкталган комплекс. Украина күчтөрү аны Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн авиациясынан сырткары россиялык ракеталарды тосуп алуу үчүн да колдонуп келген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев Батыш берген дагы бир танкасынан айрылды. Видео