Быйыл дыйкан, фермерлерге 7 млрд. сомдук жеңилдетилген насыя берилет

Айыл чарбасын колдоого багытталган каражат былтыркыдан 4 миллиард сомго көп.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жыл сайын уланып келген "Айыл чарбасын каржылоо" долбооруна быйыл жети миллиард сом бөлүндү. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Долбоор мамлекеттик "РСК банк" жана "Айыл банкы" аркылуу гана ишке ашат. Айыл чарбасын колдоого багытталган каражат былтыркыга караганда 4 миллиард сомго көп. Насыя эки багыт боюнча берилет.
"Мал чарбачылыгы" категориясына төмөнкү чарба субъектилери кирет:
бодо мал багуу;
кой, эчки, жылкы, коён багуу;
канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) багуу.
"Өсүмдүк өстүрүү" категориясына төмөнкүлөр кирет:
дан өстүрүү;
буурчак өстүрүү;
техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү;
жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;
мөмө-жемиштерди өстүрүү;
пахта өстүрүү;
питомниктин мөмө-жемиштерин өстүрүү;
тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;
сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын колдонуу (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу);
күнөскана чарбасын жүргүзүү.
Пресс-борбор
Бийлик сугат иштерин жакшыртуу жаатында кандай жумуштар жасалып жатканын айтты