БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкекте күч түзүмдөрүнүн ардагерлери митинг өткөрүп жатат.
Кабарчынын айтымында, митингге жети облустан 150дөн ашык адам келген. Алар пенсияны көбөйтүп, компенсация төлөп берүүнү талап кылышууда. Митингде сүйлөгөндөрдүн бири 10 миң сом пенсияга жашоо мүмкүн эмес экенин айткан. Алардын талаптарында Баткен окуясынын ардагерлерине атайын статус берүү да жазылган.
Митингге чыккандар өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, мекен коргоочулар менен тартип сакчыларды коргоону суранышкан.