Россия ТИМи: Батыш террорчуларды ЖККУ өлкөлөрүн чайпалтыш үчүн колдонот

Батыш мамлекеттери "Борбор Азияда бандиттик топторду колдонуу ыкмаларын активдүү киргизип" жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Батыш мамлекеттери экстремисттик жана террордук топторду Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташуу уюмуна (ЖКККУ) кирген мамлекеттердин чектеринде кырдаалды курчутуу үчүн колдонот. Бул жөнүндө РФ ТИМинин ЖККУ маселеси жаатындагы өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Виктор Васильев айтканын РИА Новости жазды.
"Батыш өлкөлөрү ЖККУга мүчө мамлекеттердин бардык чектеринде туруксуз кырдаалды жаратуу үчүн экстремисттик жана террордук топторду активдүү колдонууда. Эгерде кеңири карай турган болсок, бул КМШ жана анын ички аймактары", — деген Васильев РИА Новостиге.
Дипломат, тагыраагы, Батыш мамлекеттери "Борбор Азияда бандиттик топторду колдонуу ыкмаларын активдүү киргизип" жатканын кошумчалады. Мыйзамсыз топтордун бир даарына Афганстандын түштүк жана түштүк-батыш аймактарында "орун-очок алууга жол ачылганын" айтты.
"Тажик-афган чек арасында абал чыңалып, кырдаал кыйын бойдон калууда", — деп белгилеген Васильев.
Маекти толугу менен Ria.ru сайтынан окуганга болот.
Россия президенти: айрым өлкөлөр КМШнын туруктуулугун атайын бузууда