БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Прокуратура кызматкерлеринин биринин атасы уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы болгондуктан иштен бошотулду. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн алкагында көзөмөл органында кадрларды тазалоо иштери жүрүүдө.
"Аскер прокуратурасынын Оштогу гарнизонундагы тергөөчүлөрдүн биринин атасы уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болгон. Дисциплинардык комиссияда бул кызматкерди иштен кетирүү чечими кабыл алынды", — деген Зулушев.