БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Жол эрежеси бузулганын аныктоого көмөк көрсөткөн адамдарды материалдык жактан колдоо" боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлган.
Маалым кат-негиздемеде азыркы мыйзамда жол эрежесин бузгандарды аныктоого көмөктөшкөндөргө стимул же түрткү берүүчү чаралар каралбаганы жазылган. Жарандардын коомдук тартипти сактоого өз эрки менен катышуусу маанилүү болуп саналат. Мындан улам жаңы система сунушталууда. Бул мыйзам долбооруна ылайык, жол эрежеси бузулган учурдун видео, сүрөтү болсо каалаган жаран аны жол кайгуул милициясына жөнөтө алат. Ага (жеке жак) айып пулдун 25 пайызы төлөнүп берилет. Ал эми юридикалык жактарга 50 пайызын төлөп берүү керектиги белгиленген. Бул үчүн тиркеме иштеп чыгып, сүрөт, видеону ошол жакка жөнөтүү сунушталууда. Демилгечи мындай чара "Коопсуз шаардын" камерасы жок жерлерде айдоочуларды тартипке саларын белгилеген.