Ташиев ӨКМге: жер титирөөнү алдын ала эскертчү жасалма интеллектини колдонгула

Sputnik
БИШКЕК, 31-янв — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ӨКМге жер титирөө тууралуу алдын ала маалымат берүү үчүн жасалма интеллектинин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техника тапшырылып, иш-чарага Камчыбек Ташиев да катышкан.
"Жакында жер титиреди, Бишкекте 4,5 баллга чейин жеткени белгилүү. Санариптин жардамы аркылуу Android платформасындагы уюлдук телефондорго 1 мүнөт эрте билдирүүлөр келип, көп кабаттуу үйлөрдө жашаган адамдардын тышка чыгуусуна мүмкүн болду. Бирок ошол эле учурда iPhone сыяктуу акыркы үлгүдөгү телефондорго билдирүүлөр келген жок. Ошондуктан ӨКМдин санариптик кызматы жасалма интеллектинин бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, Кыргызстандагы тиешелүү компаниялар менен иштерди жүргүзөсүңөр деп ойлойм", — деди УКМК башчысы.
Мамкурулуш: Кыргызстанда 9 баллдан ашкан жер титирөө болсо баары кулайт