Радио

Тоолуу аймакта чегерилген пенсия эми өрөөнгө түшкөндө өзгөрбөй турган болду

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева пенсиялык системага киргизилип жаткан өзгөрүүлөр тууралуу айтты.
Sputnik
Пенсиялык системага өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталууда. Азыркы мыйзам долбоорунда былтыр эл өкүлдөрү берген сунуштар эске алынды. Бул тууралуу Гүлнура Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам долбоору комитеттин кароосунан өтүп, биринчи окууга жиберилди.
"Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча, тоолуу шартта иштеп, жашагандарга каралган жеңилдиктер бар. Бирок алар пенсияга чыккан соң үй-бүлөлүк шартына байланыштуу же ден соолугуна карап өрөөндөргө көчүп кетсе, алардын жеңилдиктери алып салынат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда муну жокко чыгаралы деп жатабыз. Тактап айтканда, ал адамдын тоолуу шарт боюнча каралган жеңилдиктери пенсиясында сакталып кала берет. Анткени ал өмүрүн ошол жерге арнап, балким кандайдыр бир ооруларга бийик климатта жашаганы үчүн туш болуп, анан пенсияга чыккандыр. Биз аны улгайганда жер которуп кеттиң деп жеңилдиктеринен ажыратып салбашыбыз керек", — деди Жуматаева.
Ал мыйзам долбоору коомдук талкууда турганын кошумчалады.