Парламент КРСУнун ишин жакшыртууга багытталган макулдашууну жактырды

Келишимде университетти биргелешип башкаруу үчүн Башкаруу кеңеши түзүлөрү каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Парламент Кыргыз-Россия Славян университетинин ишинин шарттары жөнүндө эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууну үч окууда ратификациялады.
Анда тараптардын университетти башкарууга биргелешкен жана бирдей укукта катышуусу үчүн Башкаруу кеңеши түзүлөрү каралган. Ал жогорку коллегиялык орган болуп саналат, курамы Кыргызстан менен Россиядан алты адамдан турган ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун айтымында, Башкаруу кеңеши окуу жайды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт. Бюджетин жана жыл сайын ректордун отчетторун бекитет, университеттин ишмердигине байланышкан башка маселелерди карайт.
Университетти башкаруудагы жеке аткаруучу орган болуп университеттин ректору эсептелет, ал кызмат ордуна 5 жылга чейинки мөөнөткө дайындалат жана эки мөөнөттөн ашык иштей албайт.
Макулдашууда КРСУнун ректору Россия тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызматка дайындалышы жана бошотулушу каралган.
КРСУда кытай тили жана маданияты боюнча жаңыланган борбор ачылды