1-февралдан тарта өлкөдө медкамсыздандыруу полисинин баасы өзгөрөт. Жаңы тариф

Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. 1-февралдан тарта милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин баасы өзгөрөт. Бул тууралуу Медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Жаңы тариф боюнча баа:
кыргыз жарандары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жашап, эмгектенип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү, качкындар, өлкөдө баш панеек издеген адамдар жана кайрылмандар үчүн ММК полиси 12 айга — 1 840 сомду түзөт (мурда 1 722 сом болгон);
чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар үчүн 6 айга — 5 955 сом (мурда 8 196 сом болгон), 12 айга — 11 910 сом (мурда 16 391 сом болгон);
Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүктөр үчүн 12 айга — 11 910 сомду түзөт.
Радио
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылкы бюджети бекитилди