БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкеринин соцтармакка жарыялаган фактылары тастыкталгандан кийин республиканын аскердик прокурору кызматтан алынды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
"Учкуч Жоробеков кайрылуу жасагандан кийин биз текшерүү жүргүздүк. Жыйынтыгында аскер кызматкеринин сөздөрү тастыкталды. Ошондуктан биз аскердик прокурорду гана эмес, Аскердик прокуратураны дагы 50 пайызга өзгөртүп жатабыз", — деди Зулушев.
Ал ошондой эле Аскердик прокуратурага болгон талаптар күчөтүлө турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкери Коргоо министрлигиндеги коррупция боюнча соцтармактарга айтып чыккан. Ал ошондой эле тик учактарга оңдоо иштери сапатсыз жасалганын белгилеген. Жоокер бул боюнча Аскердик прокуратурага арызданганы менен кылмыш ишин козгоодон баш тартып коюшканын билдирген.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында аскердик прокурор Сагындык Мукашов иштен алынып, ордуна Мирбек Расулов келген.