Башкы прокурор: Камчы Көлбаевди кармоодо мыйзам бузулган учур табылган жок

"Мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында жок кылынган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Аскердик прокуратура Камчы Көлбаевди кармоодо мыйзам бузулган учурду тапкан жок. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын жетекчиси Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
Ал аскер прокурору окуя болгон жерге Көлбаев каршылык көрсөтүп, жок кылынгандан кийин келгенин айткан.

"Атайын операциянын жүрүшүндө Көлбаевдин жанындагылар кармалган. Кримтөбөл каршылык көрсөткөндөн кийин жок кылынган. Ал жерде дарыгер, соттук-медициналык эксперттер болгон. Ошол күндөн баштап кылмыш ишин көзөмөлгө алдык. Көлбаевди кармоо жана жок кылуунун канчалык мыйзамдуу экенин карап чыктык. УКМК кызматкерлеринин иш-аракеттеринен эч кандай мыйзам бузуу табылган жок", — деген Зулушев.

Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында жок кылынган. Атайын операцияны УКМК жүргүзгөн.
Садыр Жапаров 2020-жылдагы Октябрь окуясында Көлбаев кимди колдогонун айтты
Теги: