Аскерлерге бир шарт менен кызматтык үйдү менчиктештирүүгө жол берүү сунушталды

Учурда 20 жыл иштеп отставкага же запаска кеткен аскерлер батирди менчиктештире алат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Аскерлерге белгилүү мөөнөттөн кийин кызматтык батирди менчиктештирүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды.
Документ министрлер кабинети тарабынан демилгеленип, парламентте коргоо министринин орун басары Эрлис Тердикбаев баяндама жасады.

"Учурда 20 жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчылары отставкага же запаска бошотулгандан кийин турак жайды менчиктештире алат. Эгер ал кызматтан кетпей ишин уланта берсе түздөн-түз сатуу аркылуу менчиктештирүү зарылчылыгы жаралды. Мындай жол менен эң жогорку баа 200 миң сом болот. Муну менен үйүн чоңойткусу келгендерге сатып, башка жактан эки-үч бөлмөлүү батир алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мурда бир бөлмөлүү батир берилсе 40-50 жашка чыкканда ал тар болуп калууда", — деди Тердикбаев.

Натыйжада депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Жогорку Кеңеш жаштарды "дарыкана баңгилигинен" коргоочу токтом кабыл алды