Арстан Абдылдаевдин өлүмү. Зулушев түзөтүү мекемесинде инструкция болбогонун айтты

Кылмыш-жаза кодексиндеги "Шалаакылык" беренеси боюнча козголгон ишти Аскердик прокуратура иликтеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Молдовановка айылындагы №31 дарылоо-түзөтүүчү мекемеде көз жумган Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши иликтенип жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексиндеги "Шалаакылык" беренеси боюнча козголгон ишти Аскердик прокуратура иликтөөдө.
"Камактагылар отурган ооруканада тиешелүү инструкция жазылган эмес. Арстан Алай коридордо басып, суу, чай ичсе да чара көрүшкөн эмес. Ал жакта иштеген кыз жаш экен, барганына жети эле ай болуптур. Инструкция жок болгондуктан ага түшүндүрүү иштерин да жүргүзүшкөн эмес. Ошондуктан "Шалаакылык" беренеси боюнча иш козголгон", — деген Зулушев.
Эскерте кетсек, коомчулукта Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон Абдылдаевдин каза тапканы 5-январда белгилүү болгон. Жаза аткаруу кызматы ал өз өмүрүнө кол салып көз жумганын айткан. Башкы прокуратура Абдылдаевдин мойнунан электр чайнегинин зымынын изинен башка күч колдонулган жаракаттар аныкталбаганын билдирди. Тиешелүү экспертизалардын бардыгы дайындалып, Юстиция министрлиги атайын комиссия түзгөн. Аталган факт боюнча Башкы прокуратура Жаза аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси ("Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун") боюнча иш козгоп, тергөө жүргүзүүнү Аскер прокуратурасына тапшырган.
Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн чоо-жайы айтылды