БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Беспрозванных баштаган делегация өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүргүзүү, кайра иштетүүчү өнөр жай тармагы, сейрек кездешүүчү жана маанилүү металлдарды иштетүү, өнөр жай-индустриялык парк куруу боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган тармактар боюнча тиешелүү адистерден турган делегациянын курамындагы өкүлдөр буга чейин Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.