Акылбек Жапаров эртең Алматыга ЕАЭБ иш-чарасына катышуу үчүн барат

Сапардын алкагында делегация башчыларынын, анын ичинде Кыргызстандын, Россиянын жана Казакстандын премьер-министрлеринин ортосунда бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-2-февралда Алматыга жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Анын алкагында Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин (ЕӨАК) жыйынына жана Digital Almaty 2024: Industry X эл аралык санарип форумуна катышат.

"Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө тараптардын өкмөт башчылары соода-экономикалык кызматташуу, техникалык жөнгө салуу, биримдиктин интеграцияланган маалымат тутуму сыяктуу актуалдуу маселелерди карашат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Digital Almaty санарип форумуна белгилүү эл аралык жана коомдук ишмерлер, ири IT-компаниялардын жетекчилери жана бизнес-өкүлдөр катышары күтүлүүдө.
Мындан тышкары, сапардын алкагында делегация башчыларынын, анын ичинде Кыргызстандын, Россиянын жана Казакстандын премьер-министрлеринин ортосунда бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.
Жапаров: былтыр өлкөнүн ИДПсы 1,2 трлн. болуп тарыхый этаптан өттү