Чет жактан алынган машиналарды мыйзамсыз катташкан. "Унаанын" 4 адиси кармалды

Адистер коррупциялык схема түзүп, бажы жана башка төлөмдөрдөн качып автоунаа ташып иштеген адамдар менен тымызын иштешип жүргөнү аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. УКМКнын маалымат кызматы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин адистери кармалганын кабарлады.
1 / 3

УКМКнын маалымат кызматы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин адистери кармалганын кабарлады

2 / 3

Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөн адистер коррупциялык схема түзүп, бажы жана башка төлөмдөрдөн качып автоунаа ташып иштеген адамдар менен тымызын иштешип жүрүшкөнү аныкталган

3 / 3

УКМК муну менен мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилгенин билдирип, 29-январда "Унаа" ишканасынын төрт кызматкерин колго түшүргөн

Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөн адистер коррупциялык схема түзүп, бажы жана башка төлөмдөрдөн качып автоунаа ташып иштеген адамдар менен тымызын иштешип жүрүшкөнү аныкталган.
"Жеке адамдар бажы алымдарына азыраак төлөө үчүн автоунааларды чек арадан кузов жана кыймылдаткычтын тетиктери деп алып өтүшкөн, баштапкы документтери болгон эмес. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын адистери акыркы бир нече жылдан бери Түштүк Кореядан автокөлүк ташыгандар менен иштешип, аталган мамлекеттен баштапкы документтери жок 600дөн ашык машинаны каттоого алышкан", — деп айтылат маалыматта.
УКМК муну менен мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилгенин билдирип, 29-январда "Унаа" ишканасынын төрт кызматкерин колго түшүргөн. Кармалгандар УКМКнын тергөө-камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козголгон. Азыркы тапта аталган ишканада бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу боюнча иш жүрүп жатканы кошумчаланды.
Кыргызстанда универсал, минивэндердин баасы жыл ичинде кандай өзгөрдү. Инфографика