Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Украинадагы куралдар дүйнөгө тарап жатканын Батыш байкагысы келбейт

Лавров Украинада чет элдик жалданма аскерлер гана эмес, инструкторлор дагы бар экенин тастыктаган фактылар жетиштүү экенин кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Батыш Украинага жеткирилген куралдар дүйнөдөгү от чыккан жерлерге тарап жатканын байкагысы келбей жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

"Батыш байкагысы келбеген дагы бир аспект бар. Ал экстремисттер жана террористтер колдонгон куралдардын түрдүү жолдор менен Украинага жеткирилиши", — деди Лавров элчилердин тегерек столуна катышып жатып.

ТИМ башчысынын айтымында, Батыш Украина режимине жеткирген куралдар Жакынкы Чыгыштагы жаңжал чыккан жерлерде гана эмес, Финляндия, Швеция, Дания, Нидерланд жана Газа секторунда дагы аныкталган.
Лавров Украинада чет элдик жалданма аскерлер гана эмес, инструкторлор дагы бар экенин тастыктаган фактылар жетиштүү экенин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Россия кулаган Ил-76 учагы боюнча өзүнүн иликтөөсүн жүргүзөт