Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Россия кулаган Ил-76 учагы боюнча өзүнүн иликтөөсүн жүргүзөт

65 украиналык туткунду ташып келе жаткан Ил-76 аскердик учагы Белгород облусунун асманында Украина армиясы тарабынан атып түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Россия Ил-76 учагынын Украина Куралдуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлүшү боюнча өз иликтөөсүн жүргүзүп, чындыкты билгиси келгендерден эч нерсе жашырбайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров элчилер менен жолугушуу учурунда айтканын РИА Новости жазды.
"Президент деп аталып жүргөн Зеленский эл аралык иликтөөнү талап кылды. Кана ал иликтөө? Биз териштирип жатабыз, чындыкты билгиси келгендерден эч нерсе жашырбайбыз", — деди Лавров.
65 украиналык туткунду ташып келе жаткан Ил-76 аскердик учагы Белгород облусунун асманында Украина армиясы тарабынан атып түшүрүлгөн. Туткундун баары, аларды коштоп келе жаткан россиялык офицерлер жана экипаждын алты мүчөсү көз жумган.
РФ президенти Владимир Путиндин айтымында, украин чалгыны бортто туткундар бар экенин билген. Далилдерди карай келгенде Франция же АКШнын өндүрүшүнөн чыккан абадан коргонуу каражаты иштегени маалым болгон.
Россия ТИМи Ил-76нын атып түшүрүлүшү Киев менен "кандайдыр бир сүйлөшүүнү баштоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарарын" белгилеген. Украинанын ЖМКлары алгач россиялык учак атып түшүрүлгөнүн жар салып, кийин бул маалыматтар өчүрүлгөн. Андан кийин Украина аталган учакты атып түшүргөнүн кыйыр моюндап, "Россия самолет учуп өтөрү тууралуу кабардар кылбаганын" айтып кине койгон.
Киев эл аралык иликтөө зарыл экенин айтып келет, ал эми жергиликтүү ЖМКларда Ил-76 С-300 зениттик-ракеталык системалар үчүн ракета ташып келе жаткан деген маалымат тароодо. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков киевдик режимдин кылмыштуу аракеттерин көз жаздымда калтырбаган эл аралык иликтөө керек экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кулаган Ил-76, Зеленскийдин унчукпаган кеңсеси, ураалаган ЖМКлар. Видео