Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Эч нерсе өзгөрбөйт". Лавров антироссиялык плацдармдын максатына токтолду

ТИМ жетекчиси жөнсүз билдирүүнү катардагы адамдар эмес, АКШ лидери жасаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Батыштын Украинадан антироссиялык плацдармды түзүү кадамдары атайын операцияда Россияны жеңишке жеткирбөө максатын көздөйт. Бул туурасында РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Москвада катталган элчилер менен болгон жолугушууда айтты.
"Мунун баары Россияны жеңишке жеткирбөө үчүн жасалууда. Алар "эгерде Россия утуп кетсе, бул согушта өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт. Андан кийин кезекте Прибалтика, Швеция, Финляндия болот" дешүүдө. Муну башка киши эмес, АКШ президенти Жозеф Байден айтты", — деп белгилеген министр.
Лавров мындай "жөөлүгөн" билдирүүнүн маани-маңызынын тарыхтан кабары аз болгон адамдар деле түшүнүп турганын айткан.
"Мындай тантыган билдирүү... баарына түшүнүктүү. Украинага атайын операцияны жарыялаганда тарыхый адилетсиздикти жок кылуу боюнча ниетибизди, биздин мамлекеттин элдеринин тарыхын кайра жазып чыгууну эле эмес, тарыхты таптакыр унутуп, байыркы орустар, Россиянын башка калктары кылымдап жашаган аймакты плацдармга айлантуу аракетин жок кылуу максатыбызды жашырбай эле айтканбыз. Муну (плацдармды - ред.) АКШ башында турган НАТО Россиянын коопсуздугуна коркунуч жаратуу үчүн колдонууну көздөгөн", — деген РФтин ТИМ жетекчиси.
Ал кезегинде Наполеон жана Гитлер, ал эми азыр АКШ Россияга кол салуу формасын таап алгандыктарын белгилеп, "эч нерсе өзгөрбөстүгүн дагы кайталап айтарын" кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Украинанын диалогду создуктурушунун соңу жакшы болбостугун эскертти