Кыргызстанда беш компьютердик томография борбору иштеп жатат. Тизме

Кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 6 компьютердик томография борборун ишке киргизүү пландаштырылган. Анын ичинен бешинчиси Өзгөн районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунда ачылганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өлкөдөгү жаңы ачылып жана иштеп жаткан компьютердик томография борборлору:
Бишкектеги Республикалык дарылоо-диагностикалык борборунда;
Бишкек шаардык тез жардам клиникалык ооруканасында;
Балыкчы шаарындагы жалпы дарыгерлик практика борборунда;
Кадамжай районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунда.
Эми Токтогул районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунда да компьютердик томография борбору ачыла турганы кошумчаланды.
Кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан экени айтылды.
Жалдагы балдар ооруканасында МРТ кабинети иштеп жатат. Графиги, баасы