Балыкчыда окуучуну сүзүп кеткен милиционер эки айга камакка алынды

Милиция кызматкеринин баш коргоо чарасын Каракол шаардык соту тандаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Балыкчыда окуучу кызды сүздү деген ШИИБдин мурунку начальниги Бектур Осмонбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар билдирди.
Осмонбаевди 26-мартка чейин камакка алуу чечимин Каракол шаардык соту чыгарган. Ал эми айыпталып жаткан милиционердин иниси сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулганын Ысык-Көл облустук соту тастыктады.
Эске салсак, жол кырсыгы 2024-жылдын 26-январында болгон. Анда Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Транспорт Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган. Окуя чуу жаратып, кыздын атасы видеокайрылуусунда кырсыкка шаардык милициянын жетекчилеринин бири күнөөлүү экенин айтып чыккан. ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында рулда болгом деген аймактык тескөөчү менен шаардык милициянын башчысы болуп иштеген агасын иштен алган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси ("Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун") жана 312-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун") боюнча айыпталып, кармалган.
Жабыркаган кыз Бишкектеги ооруканага которулганы, атасы тосмо арыз жазганы да айтылды.
Айланма жолдо эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду. Жабыркагандар да бар