Пресс-борбор

"Оор" интервьюларды кантип өткөрүү керек? Радио алып баруучунун кеңеши

Балдары рак менен ооруган энелерден алынган интервью мисал келтирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Эмоционалдык жактан оор интервьюларды кантип алуу керектигин Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу Наталия Князева Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда айтып берди.
SputnikPro мастер-классына журналистика факультетинин студенттери катышты.
"Биз балдары ракка кабылган энелер менен бир нече интервью жасадык. Чынында оңой болгон жок. Эмоционалдуу тема болгондуктан маектештер улам ыйлап жатышты. Мындай учурда сен дагы карманып тура албайсың. Бирок интервьюнун максатын унутпаш керек... Биздин учурда балдардын дарылануусу үчүн каражат чогултуу керек болду. Ошондуктан өзүбүздү колго алдык. Анкени алдыбызда угармандарга баарлашуунун негизги максатын жеткирүү тапшырмасы турду. Сизге оор болушу мүмкүн, бирок ишти соңуна чыгаруу керек", — деди Князева.
SputnikPro мастер-класстары Армениядан Индияга, Грециядан Кытайга чейинки мамлекеттерде өттү. 2018-жылдын март айынан бери иш-чарага 80 мамлекеттен 10 000 адам катышты.
Пресс-борбор
Окурмандар кандай жаңылыктарга көңүл бурат? Sputnik шеф-редакторунун жообу