31-январга карата аба ырайы

31-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Жума күнү күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жерлеринде 0…-5, Ысык-Көл чөлкөмүндө -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +1…+6, Нарын облусунда -6…-11 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 0…-2, Ош шаарында +4…+6 градус болот.
Кар жаайт. Өлкө ичиндеги бир жумага карата аба ырайынын божомолу