Эртеңден тарта жол кирени накталай төлөгөндөргө талон берилет. Себеби

Ал автобус каттамдарында контролерлор иштей баштаарын жана азырынча аларды милиция кызматкерлери коштоп жүрөрүн кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Вице-мэр Максатбек Сазыкулов 30-январдан тарта жол кирени накталай (20 сом) төлөгөндөргө талон берилерин айтып, аны жүргүнчү кандай колдонушу керектигин түшүндүрдү.
Вице-мэр автобустарга накталай 20 сом төлөй турган жүргүнчүлөргө кайрылып, аларды айдоочудан сөзсүз талон суроого чакырды.
"Автобуска түшкөндөн кийин сөзсүз айдоочудан билетти талап кылып, аны түшүп калгыча ыргытпагыла. Анткени кондуктор накталай төлөдүк деген жүргүнчүлөрдү текшерет. Бирок ал талон башка автобуска түшкөндө жарабайт жана башка автобустан алганы дароо билинет. Себеби анда серия, номерлери болот. Эртеңден тарта талон бериле баштайт, бүгүн кечинде аны айдоочуларга таратабыз", — деген Сазыкулов.
Ал автобус каттамдарында контролерлор иштей баштаарын жана азырынча аларды милиция кызматкерлери коштоп жүрөрүн кошумчалады.
Бишкекте эртеңден тарта жол кире акысы өзгөрөт. Кимдер бекер жүрөт