Ташиев: Жалал-Абадда өлкөдө жок стадион пайда болот

Стадионду реконструкциялоого 40 миллион сом керектелет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадиону жаңы технология менен реконструкцияланып, заманбап жайга айланат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган облуска болгон иш сапарынын алкагында айтты.
Ал аймакты кыдырып, эл менен жолуккан. Мындан тышкары, стадионду көргөн. УКМК жетекчиси анын азыркы абалына нааразы болуп, айланасы мышык ыйлаарлык абалда экенин айтып, жетекчилигинин ишин сынга алды. Ташиев тез арада тазалап-жыйноого тапшырма берип, мурда менчикке өтүп кеткен стадиондун жерлеринин баарын кайтарууну буюрду. Анын арасында Бакиевдерге таандык кафе дагы бар.
Андан соң стадион жаңылана турганын белгиледи.
"Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп жаңы технология менен гибриддик оюн талаасы (жасалма жана табигый газонду айкалаштырып өстүрүү) салынып жатат. Бул өтө кымбат, ошол эле учурда технологиялык жактан эң акыркы үлгүдөгү талаа болот. Анан бардык деңгээлдеги эл аралык мелдештерди өткөрө алабыз", — деди УКМК төрагасы.
Ташиев оңдоо иштерин апрелге чейин бүткөрүүгө тапшырма берди. Бул үчүн 40 миллион сом керектелет, каражатты демөөрчүлөр берери айтылды.
Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген бир да футбол стадиону жок.
Камчыбек Ташиев "Кара-Суу" базары мамлекеттин менчигине өтөрүн айтты