Венгрия ЕБдин Украинадан улам жасалган опузасына кескин жооп кайтарды

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Венгрия Евробиримдиктин Украинага кезектеги жардам берүү боюнча "опузасына" баш ийип калбайт. Бул туурасында аталган өлкөнүн ЕБ иштери боюнча өкүлү Янош Бока айтканын РИА Новости жазды.
Өкүл мындай пикирин блоктун Будапештке басым жасоо планынан кийин билдирген.
Буга чейин Financial Times алардын колуна тийген ЕБдин документтерине таянып, Брюсселде 1-февралдагы саммитте Киевге берилчү жардамга койгон ветосун албаса Евробиримдик Венгрияга саботаж жасап, европалык фондунун аларга тиешелүү каражатын бөгөп коюшу мүмкүн деп жазган.
Стратегия аталган өлкөнүн "экономикасын алсыратууга", валютасын олку-солкулукка тушуктурууга багытталган.
"Венгрия опузага алдырбайт. Бул маалымат Брюссель саясий кысым көрсөтүү үчүн ЕБ фондуларын пайдаланып келет деген венгр өкмөтүнүн билдирүүсүн тастыктап турат", — деди Бока.
Анын айтымында, Будапешт "Украинага көрсөтүлүүчү колдоону ЕБ фондуларын пайдалануу менен байланыштырбайт, башкаларга да жол бербейт", — деп кошумчалады министр.
Bloomberg агенттиги 22-январда ЕБ мамлекеттери 1-февралда өтө турган Брюсселдеги саммитте Украина үчүн 50 миллиард евролук колдоо пакетин кабыл алууга даяр экенин жазып чыккан. Маалыматта буга Венгриянын макул болор-болбосу эске алынбай турганы айтылат.
Эскерте кетсек, декабрдын ортосунда өткөн Вильнюстагы саммитте Будепешт ЕБдин узак мөөнөттүү бюджетин көбөйүүгө вето койгон, анын ичинде Украинага делген 50 миллиард евро өлчөмүндөгү макрофинансылык жардам да камтылган эле. Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель саммиттен кийин ЕБ лидерлери Украинага көрсөтүлүүчү жардамды 2024-жылдын башында бир добуштан колдоп берет деп ишенип жатканын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин туңгуюкка кептелген абалы, Батыштын кечиккен жардамы